Бальтасар Грасиан
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү

Бальтасар ГРАСИАН (1601-1658), испан жазуучусу
A[оңдоо]
- Адам өмүрү пендечилик жорук-жосундар менен кармашып жүрүп өтөт.
- Акчаңдан күйсөң да, товардын сапатынан күйбө.
- Азчылыкка келгенде акылдуубуз, көпчүлүккө келгенде оомабыз.
- Аянтта айкырып аткан адамдын акылдуу же акылсыз экени арсар. Анткени ал аянттагы аңкоолордун акылы менен өзүнүн жүрөгүндө макул болбосо да, баарыбир элдин атынан айкырат.
Б[оңдоо]
- Бир арстанды көргөнүң, баарын көргөнүң; бир койду көргөнүң, баарын көргөнүң. А бир адамды көргөнүң, бир эле адам, бирок анын да заадисин көрбөйсүң.
Д[оңдоо]
- Достордон айрылгың келбесе, алардын чоң ийгиликке жеткенин тилей көрбө.
Ж[оңдоо]
- Жайнаган кирешени жалгыз чыгаша алып келет.
- Жомоктогудай жашоого жеткениң - жашооңдун бүткөнү.
И[оңдоо]
- Илимге ашкере башын сайган адамдар оңой алданышат, себеби, андайлар турмуштагы эң жөнөкөй, эң зарыл нерселерден алыс.
- Ишиң илгерилебегени - өзүңдүн эле макоолугуңдан.
К[оңдоо]
- Калпычынын алдында эки кыйынчылык бар. Биринчиси: ага эчким ишенбейт. Экинчиси: өзү да эчкимге ишенбейт.
- Ким жытчыл болсо, былыктын баары ошондо.
- Ким келесоону ажыратпаса, ал келесоо. А келесоонун келесоо экенин билип туруп жанында жүргөн андан бетер.
- Келесоо көрүнгөндөрдүн баары келесоо, соо көрүнгөндөрдүн да жарымы келесоо.
С[оңдоо]
- Сага ишенбегендей түр менен караган киши карандай калпычы.
- Сага эч качан каршы сүйлөбөгөн кишини мактаба, демек ал сени эмес, өзүн жакшы көргөн үчүн дудук болуп жүрөт.
- Сенин көзүңчө бирөөгө "жок" деген адамдан бирнерсе суранба, демек, ал экинчи тилемчиге да оңой шылтоо табат.
- Сууга чөгүп бараткан адамдан абайла. Куткарганы кол берсең, сени кошо тартып кетет.
Т[оңдоо]
- Товарыңды ким жамандаса, сатып алчу кардар ошол.
Ч[оңдоо]
- Чычканга кебек алдырбаган сараң карышкырга келгенде алдырат.
Ө[оңдоо]
- Өкүмдарың мойнуңа жүк артарда айкөл көрүнүп, агынан жарылып сүйлөйт.
Э[оңдоо]
- Эки жээкте туруп алып бирин-бири "акмак" дегендин баары акмак.
- Эң коркунучтуу душман эски достордон чыгат.
- Эс-акылы жок үчүн көпчүлүгү эс-акылын жоготпой жүрөт.
- Эх, десең… кептин баары, келатканыңды алдыңда жамырагандар көрүп, кубанганында эмес, чыгып баратканыңды көрүп, өкүнүп калганында.
Булак[оңдоо]
- Олжобай Шакир. "Күмүш сырга", Бишкек – 2007.