Кыргыз макал-лакаптар

Wikiquote дан

Мисалдар

  • Бере турган кулуна, берен кылат жолуна.
  • Керекке терек жыгылат.
  • Балалуу үй базар, Баласыз үй мазар.
  • Жамандын бир аты жоош.
  • Карга баласын аппагым деп, Кирпи баласын жумшагым деп.
  • Кызыл кызыл кекиртек, Кыйла жерге секиртет.
  • Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн.
  • Осмо кетет, каш калат, Оомай кетет, баш калат.
  • Өлбөгөн алтын аяктан суу ичет.
  • Өлө жегиче бөлө же.
  • Пенде пейилинен табат.
  • Cүттөн оозу күйгөн айранды үйлөп ичет.
  • Жигитке 70 онор аздык кылат

A[оңдоо]

  • Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
  • Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
  • Абийирди жашыңдан сакта.
  • Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
  • Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
  • Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
  • Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
  • Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  • Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
  • Адам көркү - адеп.
  • Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  • Адам тилинен табат.
  • Адам ашка тойсо да, жашка тойбойт.
  • Адам болмок аста-аста, айбан болуу бир паста
  • Адам - акылы менен адам.
  • Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  • Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  • Адам эли менен, каз өрдөк көлү менен.
  • Адамдан айла качып кутулбайт.
  • Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  • Адамды бузган - байлык менен бийлик.
  • Адамдын өзү карыса да сөзү карыбайт.
  • Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  • Адамдын кыйноосу - санаа, өлүмү оору.
  • Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  • Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
  • Адептүү киши - азаптан алыс.
  • Ажал айтып келбейт.
  • Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
  • Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
  • Ажалдуу карга бүркүт менен
  • Аз болсо да, саз болсун.
  • Аз көбөйөт, азган оңолот.
  • Аза - арыбайт, каада - карыбайт, алтын чирибейт.
  • Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  • Азганды кууп, тосконго жолукпа.
  • Азды жок дебе, барды көп дебе.
  • Азды аяган, көптөн кур калат.
  • Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
  • Азоого - тушоо, күлүкө - чалма.
  • Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып.
  • Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт.
  • Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок.
  • Ай чырайлуу, бал сөздүү - акылман адам элеси.
  • Айгыр көпсө - үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт.
  • Айдаганы беш эчки, Ышкырыгы таш жарат.
  • Айдай чырайыңды - иттей кыялың бузат.
  • Айды этек менен калкалай албайт.
  • Айдын жарымы - жарык, жарымы - караңгы.
  • Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр.
  • Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин.
  • Айран сураган - аягын жашырбайт.
  • Айт да болоор, айттын эртеси да болоор.
  • Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман.
  • Айтпа, айткандан кийин кайтпа.
  • Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпа сам сындан өлөөрмүн.
  • Айтып кылган иштин айыбы жок.
  • Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат.8

Ж

  • Айыпсыз аякка тикенек кирбейт.
  • Ак ийилет - сынбайт.
  • Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт.
  • Ак төөнүн карды жарылганда.
  • Ак ит, кара ит - баары бир ит.
  • Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
  • Аке-уке деген көңүлгө жакшы.
  • Аккан арыктан суу агат.
  • Аккан сууда арам жок.
  • Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт.
  • Акмак достон акылдуу душман артык.
  • Акмак өзүн - эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт.
  • Акыйкат сөзгө - арсыз жооп кайырат
  • Акыл - тирүүдө урмат, өлгөндө даңк.
  • Акыл - баштан, асыл - таштан.
  • Акылсыз - атасын акмалайт.
  • Акылы аздын азабы көп.
  • Акылы жетсе, атаны уул билет.
  • Акыркы ашка каскак түшөт.
  • Акырын бассаң - аксак, катуу бассаң - таскак
  • Акырын баскан - аксабайт.
  • Ала карганы атынан чакыр.
  • Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык.
  • Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт.
  • Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  • Алгандын бермейи бар.
  • Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин.
  • . Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты.
  • Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч.
  • Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат.
  • Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет.
  • Алдыраар күнү - жаздыраар.
  • Алма быш - оозума түш.
  • Алма сабагынан алыс түшпөйт.
  • Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
  • Алтымышта атаңдын, алдап- соолап күчүн ал.
  • Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат.
  • Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт.
  • Алтынды чыккан жеринен каз.
  • Алы жетпеген акыретчи.
  • Алыбек алына жараша.
  • Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн - дос жаман.
  • Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе.
  • Аңгектен качсаң - дөңгөккө, дөңгөккө качсаң - сөңгөккө.
  • Аңдабаган төө көрбөйт.
  • Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
  • Ар ким өз көмөчүнө күл тартат.
  • Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө.
  • Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот.
  • Аракет кылсаң - берекет.
  • Арам тамак аш болбойт.
  • Арамзаанын куйругу бир тутам.
  • Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле.
  • Арачыга алты таяк.
  • Арбашкан - алышат, кагышкан - кармашат.
  • Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак.
  • Арзандын тузу татыбайт.
  • Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы.
  • Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге.
  • Артык дөөлөт баш жарбайт.
  • Артык кылам деп тыртык кылды.
  • Арык -семирет, ач - тоюнат.
  • Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне.
  • Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт.
  • Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
  • Асылуу казан - бышылуу аш.

125. Ат жалына казан ас.
126. Ат аяган арыбайт, аш аяган ¦_алҢ_cв.
127. Ат адамдын канаты.
128. Ат баспаган жерди тай басат.
129. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
130. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
131. Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат.
132. Ат - мингендики, тон - кийгенди ки, аял - тийгендики, эр - элдики.
133. Ат баспайм деген жерин үч басат.
134. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
135. Ат сийген жерге чөп чыкпайт.
136. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт.
137. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет.
138. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет.
139. Ата даңкы, эне баркы - балага дем.
140. Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар.
141. Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
142. Аталуу жетим - арсыз жетим, энелүү жетим - эрке жетим.
143. Атам өлсө - өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
144. Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
145. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
146. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
147. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
148. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
149. Атаңды өлтүргөнгө - энеңди алып бер.
150. Атка жеңил, тайга чак.
151. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
152. Аттан түшсөң да ээрден түшпө.
153. Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле.
154. Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
155. Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт.
156. Атын атаса куту сүйүнөт.
157. Атына жараша - заты.
158. Атың чыкпаса, жер өрттө.
159. Ач иттин артын, сук ит жалайт.
160. Ач кулактан - тынч кулак.
161. Ач - кекиртет, ток - секиртет.
162. Ач кадырын ток билбейт.
163. Ачка киши - урушчаак, арык киши - тырышчаак.
164. Ачка отурганча айранга нан бл-¤лалҮ ¦???- ¦_Өил.
165. Ачканын аңы жүрбөйт.
166. Ачуу - душман, акыл - дос.
167. Ачуулунун астынан чыкпа.
168. Ачууну акыл жеңет.
169. Ачууну ачуу басат.
170. Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар.
171. Ачуусу чукул - айыпка жыгылат.
172. Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар.
173. Аш көп болсо, каада көп.
174. Ашаарын ашаган, жашаарын ¦_и_?_-.
175. Ашка жүк, башка жүк.
176. Ашуудан ат алмаштырбайт.
177. Ашуусу болбой тоо болбойт, _аӨ_ал ҢR<ҢRc §RR ҢR<ҢRcв.
178. Ашыкпаган араба менен коөнго жетет.
179. Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы.
180. Ашың калса калсын, ишиң калбасын.
181.Ашыңды ичейин, кадырыңа злз_cл- ҢR<ҢR.
182. Аял жакшы - эр жакшы.
183. Аял жакшысын - эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт.
184. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
185. Аялың мыкты болсо - бактың, аялың кыйды болсо - каттың.
Б
186. Баатыр болмок - маңдайдан, чечен болмок - таңдайдан.
187. Баатыр - баатырды көзүнөн тааныйт, чечен - чеченди сөзүнөн тааныйт.
188. Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө неси калат.
189. Баатыр - маңдайлаш, чечен - таңдайлаш.
190. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
191. Баатырдын баш ийгени - өлгөнү.
192. Баатырдын өмүрү кыска, ¤_чӨл г§г-.
193. Баатырдын көркү маңдайда, чечендин көркү таңдайда.
194. Багы жокко дагы жок.
195. Бажа - бажаны көрсө башы Өлзли_в.
196. Базар көркү - бакал, на ӨуаӨх - б_Ө_<.
197. Базары жакын байыбайт.
198. Бай жарды болсо, үч жылы байлы гын коө бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коө бербейт.
199. Бай билгенди кул да билет, _cв_cл- ¤?б? наӨӨ ¦RӨ.
200. Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө.
201. Бай менен байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта.
202. Бай - байга куят, суу - сайга куят.
203. Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
204. Байды мактаба, кедейди жектебе.
205. Байлык - мурат эмес, жоктук - уят эмес.
206. Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
207. Баймын деп мактанба, жокмун деп суктанба.
208. Бака майрыгын билбей, жылаанды <ийри> - дейт.
209. Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
210. Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа.
211. Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
212. Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз.
213. Бала ыйламайынча эмчек жок.
214. Бала жетиге чыкканча, жерден таяк жейт.
215. Бала - баладай, башы көзү чарадай.
216. Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
217. Бала, баланын иши чала.
218. Балалык кишиге эки келет, бири жашында, бири карыганда.
219. Балалуу үй - базар, баласыз үй - мазар.
220. Балам, балалуу болгондо билесиң.
221. Баланы жашынан, катынды башынан.
222. Баланын үйү - бапанын алачыгы.
223. Баласы жоктун - ырысы жок.
224. Балык башынан сазыйт.
225. Балыкчы - балыкчыны алыстан тааныйт.
226. Бар барын айтат, жок зарын айтат.

  • Бар мактанса табылаар, жок
  • Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
  • Барды аяган, жокко тойбойт.
  • Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
  • Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  • Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
  • Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  • Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
  • Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
  • Баш - акыл үчүн, акылман - эл үчүн.
  • Башка түшсө - байтал жорго болот.
  • Баштаагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт.
  • Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
  • Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт.
  • Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
  • Башың баш, багалчагың кара таш.
  • Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
  • Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
  • Бел бекчейсе, көз чекчейет.
  • Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
  • Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
  • Берген март эмес, алган март.
  • Бергенин алган жамандын иши, ичкенин кускан чабалдын иши.
  • Бери карап күлүп, ары карап ыйлап.

252. Бетеге кетип бел калат, Бектер кетип эл калат.
253. Бетке айткандын - заары жок.
254. Бечелге көк жөтөлдүн кереги эмне.
255. Беш кол тең эмес.
256. Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
257. Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
258. Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
259. Билгенди айтуудан тартынба.
260. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
261. <Билем> десең миң сөз, <билбейм> десең бир сөз.
262. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
263. Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
264. Бир ок менен эки коөнду аткан.
265. Бир чайнасаң - май чайна, былчылдасын оозуңда.
266. Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
267. Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың.
268. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы.
269. Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
270. Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
271. Бир кемпир, бир кемпирди <Кыз> - деп тергептир.
272. Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
273. Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш, үч көргөн алыш.
274. Бир кумалак бир карын майды зӨаӨв?в.
275. Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
276. Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
277. Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
278. Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
279. Бир күндүк өмүрүң болсо - түштүгүнө жорго мин.
280. Бир сөз бар - оозго алгыс, бир сөз бар издесе тапкыс.
281. Бир жолу калпың чыкса, сөзгө _ 282. Бир уядан бир сасыткы чыгат.
283. Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
284. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
285. Бирди аяган миңдин убалына Ө_<_в.
286. Бирди аяган миңден кур калат.
287. Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
288. Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишинешет.
289. Биринчи байлык - ден соолук, экинчи байлык - ак жоолук, үчүнчү байлык - жүз соолук.
290. Бирөө алдында жатып <турсам өлөсүң> - дептир.
291. Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
292. Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
293. Бирөө кечерге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичерге суу таппай жүрөт.
294. Бирөө менен дешпе, дешсең ҢRӨ ¦?иҮ?.
295. Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
296. Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
297. Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
298. Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
299. Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
300. Бирөөнө жамандык кылсаң, өз Ң_илч_ вӨ?аӨ- г-гвҮ_.
301. Бирөөнүн катыны, бирөөгө Өл§ Өуах-ув.
302. Бирөөнүн өрдөгүн жесең - каз байла.
303. Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
304. Бирөөнүн элинде Султан болгу- ча, өз элиңде ултан бол.
305. Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
306. Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
307. Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
308. Боор ооруса, боорго тебет.
309. Боору бүтүн, башы эсен адам ҢR<ҢRcв.
310. Бозодогу сөз бокко өтпөйт.
311. Бокко тийбе - сасыйт.
312. Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
313. Болгонуңда болуп өт, боз ¦Rа?R¤Rc ¦?<ӨҮ ув.
314. Болоор бала богунан.
315. Болору болду, боөсу канды.
316. Бороонду күндө бок кычайт.
317. Боюңа карап тон быч.
318. Бөдөнөнү сойсо да касапчы бRcбг-.
319. Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса бытпылдык.
320. Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
321. Бөксө чайнек бат кайнайт.
322. Бөлүнгөндү бөрү жейт.
323. Бөрк ал десе - баш алган.
324. Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
325. Бөрү баласы - ит болбойт.
326. Бөрү карыса бир койлук алы бар.
327. Буудайдын барар жери - тегирмен, кыздын барар жери - күйөө.
328. Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
329. Бука жокто - торпок бий.
330. Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
331. Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
332. Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.
333. Бура сүйлөнүлгөн сөз күлөргө жак- шы, булкунган ат минерге жакшы.
334. Буту сынган - жатып семирет, колу сынган - басып арыктайт.
335. Бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт.
336. Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
337. Буюрбаган ашка мурун канайт.
338. Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
339. Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
340. Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
341. Бычагы курч байыбайт.
342. Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
343. Бээ десе - төө дейт.
344. Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
Д
345. Дарак бир жерде көгөрөт.
346. Дартты жөн койсо жайылат, ¤_ал<_б_ч _cл?_в.
347. Дат темирди жейт, дарт өмүрдү жейт.
348. Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
349. Дос таарынса, бергенин алат.
350. Дос айрылат, сөөк кайрылат.
351. Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
352. Дос-жолдошуң бир жылдык, куда - сөөгүң миң жылдык.
353. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
354. Досум дос элек - коон үзгөндө, тескери карап калыпсың - бозо сүзгөндө.
355. Досуң баягыдай эмес, баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
356. Досуң миң болсо да, аздык кылат, душ- маның бирөө болсо да көптүк кылат.
357. Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
358. Дөөлөт тоголок, мээнет жалпак.
359. Дөөлөттөн артык мээнет бар.
360. Думанадан айбашы үмүтөтүптүр.
361. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
362. Душмандын чырагына май тамызба.
363. Душмандын биринчи кадамы, жылмалап айткан саламы.
364. Душмандын сырты жылма, ӨзӨ Ө_а_.
365. Душмандашкан киши оңолбойт.
366. Дүйнөгө түркүк болгон адам жок.
367. Дүлөй укканын койбойт, сокур көргөнүн койбойт.
368. Дүнүйө - бир тыйындан курулат.
Ж
369. Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба.
370. Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын.
371. Жаз жарыш, күз күрөш.
372. Жазгы суук жандан өтөт.
373. Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат.
374. Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
375. Жайыл дасторкон - марттыктын белгиси.
376. Жайын билбей - жер тандаган кызык, алын билбей - эр тандаган бузук.
377. Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт.
378. Жакшы болсо катының, табыла берет акылың.
379. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи? Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи?
380. Жакшы тилек - жарым ырыскы.
381. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул.
382. Жакшы - эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
383. Жаккшы ишке келет, жаман _иӨ_ Ө?
384. Жакшы киши үлгү, жаман ӨӨиӨ Өх<Өх.
385. Жакшы атанын кашыктап чогулт канын, жаман уул чөмүчтөп чачат.
386. Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
387. Жакшы сөз - жан эритет, жаман сөз - жан кейитет.
388. Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.
389. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
390. Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш.
391. Жакшы атка - бир камчы, жаман атка - миң камчы.
392. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
393. Жакшы - сөздү таап сүйлөйт, жаман - каап сүйлөйт.
394. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.
395. Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
396. Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр.
397. Жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше.
398. Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым - деп тим болот.
399. Жакшынын - шарапаты, жамандын - кесепети.
400. Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе.
401. Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
402. Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
403. Жалгыз дарак токой болбойт.
404. Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт.
405. Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
406. Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт.
407. Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
408. Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында.
409. Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
410. Жаман үйдүн коногу бийлейт.
411. Жаман малын катат, жакшы н<Ө- Ө_в_в.
412. Жаман айтпай жакшы жок.
413. Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
414. Жаман иттин аты <Бөрүбасар>.
415. Жаман атты жал басат.
416. Жаман айгыр үйүрүнө тап.
417. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт.
418. Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
419. Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей.
420. Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
421. Жаманга сый жарашпайт.
422. Жамандан жарты кашык аш калат.
423. Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
424. Жамандыгы болбосо жаштыгы калган жок.
425. Жамандын бир өнөрү артык.
426. Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
427. Жамандын барынан жогу.
428. Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок.
429. Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
430. Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
431. Жамандыкты унуткан жакшы, жакшылыкты унуткан жаман.
432. Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
433. Жан бар жерде өлүм бар.
434. Жанын бпппвщлрабghav ykdhяаккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт.
435. Жаңдооч кийик аттырат.
436. Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт.
437. Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
438. Жаргылчактуу катын жакшы катын, электүү катын эрке катын.
439. Жарды байыйт, жаш чоңоөт.
440. Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт.
441. Жатаар курсак жармадан айлансын.
442. Жаткан оору эмес, баккан оору.
443. Жатып өлгүчө, атып өл.
444. Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
445. Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
446. Жаш чыбыктын ийилгени - сынга- ны, жаш жигиттин уялганы - өлгөнү.
447. Жаш - күчү менен, кары - кеңеши менен.
448. Жашка - кызмат, карыга - урмат.
449. Жашоо ырахаты - ден-соолук.
450. Жаштардын басканы - жыргал, карылардын - жатканы жыргал.
451. Жаштык бар жерде, жалын бар.
452. Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет.
453. Жаштык кезиң мастык кез.
454. Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
455. Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот.
456. Жашыңда берсин мээнетти,
карыганда берсин дөөлөттү.
457. Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың.
458. Жегенде тойбогон жалаганда вRc+RӨ Ң? 459. Жегендин - кусмайы бар.
460. Жел чыкпаса, жан чыгат.
461. Жел жүрбөсө, чөптүн башы Өлc+л<¤_Ң_cв.
462. Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
463. Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
464. Жеңилди жерден, оорду колдон алат.
465. Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
466. Жери байдын, эли бай.
467. Жети өлчөп бир кес.
468. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
469. Жети күндүн бири өлүм.
470. Жетим жүрүп жетилет.
471. Жигит өлөр жерине күлүп барат.
472. Жигитке жетимиш өнөр аздык Өл<_в.
473. Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
474. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
475. Житкен окту аткан ок табат.
476. Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап.
477. Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар.
478. Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска.
479. Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт.
480. Жооштон жоон чыгат.
481. Жогологон бычактын сабы алтын.
482. Жокко суу да жок.
483. Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
484. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
485. Жол азабы, көр азабы.
486. Жол бирге болсо да, тагдыр башка.
487. Жолдун тегизин бил, сөздүн -??Ө§Ө- ҢӨ<.
488. Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал.
489. Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо - үйдөгүсү жакшы.
490. Жолуң шыдыр жолдошуң кыдыр болсун.
491. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашы нан айрылат.
492. Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт.
493. Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт.
494. Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы.
495. Жөжөнү күзүндө санайт.
496. Журт мазар, журттан чыккан азар.
497. Жуткан жутабайт.
498. Жуурат төгүлсө жугу калат.
499. Жүгүргөн албай - буюрган алат.
500. Жүз жолу айткандан, бир жолу көргөзгөн жакшы.
501. Жүз дос - аз, бир кас - көп.
502. Жыгылган оогонго күлөт.
503. Жыгылган күрөшкө тойбойт.
504. Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл.
505. Жылаандын куйругун баспа.
506. Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
507. Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылаан ийинден чыгат.
508. Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
509. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.
З
510. Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
511. Заманына карай - күлкү, тоосуна карай - түлкү.
512. Заманы жакшы босо, карысы жаш болот.
513. Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет.
514. Зордукчуга мал жокпу.
515. Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт.
И
516. Ийгиликтин кечи жок.
517. Ийлеп - ийлеп итке салба.
518. Ийне көзүнөн сынат, чечен сөзүнөн сынат.
519. Ийри отурсаң да, түз сүйлө.
520. Илим - ийне менен кудук казгандай.
521. Ириген ооздон чириген сөз чыгат.
522. Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
523. Ит эле болду Сарбагыш.
524. Ит кабышып өлөт, наадан з_ҢлилҮ у<ув.
525. Ит итти жумшайт, ит куйругун жумшайт.
526. Ит үрөт - кербен жүрөт.
527. Ит менен дос болсоң сөөк в_<_и_блч.
528. Итенген сайын бир боорсок.
529. Итке темирдин кереги эмне.
530. Ичи тар итине бок бербейт.
531. Ичиң күйсө туз жала.
532. Ичип арактын көөнүн алган, кусуп жердин көөнүн алат.
533. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
534. Ичкилик арты - өкүнүч.
535. Ичтен чыккан ийри жылаан.
536. Ишенген кожом сен болсоң, кепшеген оозуңду урайын.
537. Ишенген кожоң сууга акса, алды- алдынан тал карма.
538. Иши оңолордун ити чөп жейт.
539. Иштеген киши карыбайт, карыса да арыбайт.
540. Иштебеген - тиштебейт.
К
541. Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
542. Казанчынын өз эрки, кайдан Өг<_Ө зл?_аб_.
543. Казды туурап карганын буту сыныптыр.
544. Казына - казына эмес, эл - казына.
545. Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты.
546. Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.
547. Кайгысы жок кара сууга семирет.
548. Кайгысызга уйку таттуу.
549. Кайда барсаң да, казандын Өг<_?л вуавуу.
550. Кайда барсаң Мамайдын көрү.
551. Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт.
552. Кайраттуу - карыса да жаштай, кайратсыз жаш болсо да карыдай.
553. Кайрылгандан - айрылба.
554. Калк айтса - калп айтпайт.
555. Калп айткан киши жарыбайт.
556. Калп - ырыс кесет, кайгы өмүр кесет.
557. Калптын казаны кайнабайт.
558. Калптын сөзү суу кечпейт.
559. Калптын сөзү ушак, чындын бу§х вг§_Ө.
560. Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
561. Канаттууга кактырбай, тумшукту уга чокуттурбай.
562. Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
563. Кандан, Бектен кайра тартпаган.
564. Кандын да бир татым тузу кемиптир.
565. Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың, Калың элди жа мандаба, каргышына каласың.
566. Кара кыздын агынан эмес, багынан.
567. Кара далы - эр тандабайт, өлөөр адам - жер тандабайт.
568. Кара жылды как жарган - калыс.
569. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
570. Карга баласын аппагым дейт.
571. Каргайын десем - жалгызсың, каргабайын десем - байкушсуң.
572. Каргыш албай, алкыш ал.
573. Карды тойгон канга салам бербейт.
574. Кары адам үйдүн куту.
575. Кары алжыса - баладай.
576. Кары келсе - ашка, жаш келсе - ишке.
577. Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу.
578. Карылыктын алды, жаштыктын арты.
579. Карын ачты, кайрат качты.
580. Карыны токтун кайгысы жок.
581. Карынын кебин капка сал.
582. Карысы бардын ырысы бар.
583. Карыш - карыш, сөөм - сөөм.
584. Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
585. Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк.
586. Катын жакшы - эр жакшы.
587. Катын өлсө камчы сап.
588. Катын албай кайын ал.
589. Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
590. Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда.
591. Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын.
592. Качан көрсөм тойдон көрөм.
593. Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт.
594. Каш коөм деп, көзүн чукуп алыптыр.
595. Кашыктап чогултканды, чөмүчтөп чачпа.
596. Каяшачыл карыш узабайт.
597. Кедейдин бир тойгону орто Ң_cл?_-л.
598. Кедейлик кемтик эмес.
599. <Кел" демек бар, "кет" демек жок.
600. Келме кезек - терме тезек.
601. Кембагал болсоң көчүп көр.
602. Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат. Жигит менен кыз жатат, жыргал менен таң атат.
603. Кеңешип кескен бармак оорубайт.
604. Кеп чынынан бузулбайт.
605. Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук.
606. Керектүү таштын оору жок.
607. Керкисинде да бар, кемигинде ¤_ Ң_а.
608. Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда?!
609. Кечтим байдын кызынан.
610. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
611. Кимди ким көрдү Баржыбайды в_+ Ң_бвл.
612. Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың.
613. Кичүү болгуча иттин күчүгү бол.
614. Киши жаманы кирип чыкканча били нет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт.
615. Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
616. Коөн өз көлөкөсүнөн коркот.
617. Коөнду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
618. Коөндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр.
619. Кожонун өзү тойсо да көзү вRcҢRcв.
620. Койчу көп болсо, кой арам өлөт.

  • Кол кудайдын мөөрү.
  • Кол ийрисине тартат.
  • Колдо бар алтындын баркы жок.
  • Колунда талканы бар бала - сүйгүнчүктүү.
  • Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө.
  • Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
  • Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт.
  • Конокко аш кой эки колун бош кой.
  • Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат
  • Коркконго кош көрүнөт.
  • Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
  • Котур ташы койнунда.
  • Кошоматка кой соөт.
  • Көз жетпеген жерге сөз жетет.
  • Көз коркок, кол баатыр.
  • Көзүнө чөп салган, душмандык- тын белгиси.
  • Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет.
  • Көк идти көп ит талаптыр.
  • Көктөн тилегеним жерден табылды.
  • Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат.
  • Көлдү бороон толкутат, элди эселек толкутат.
  • Көлөкөгө тон бычкан.
  • Көмүскө достон көрүнөө душман артык.