Салижан Жигитов "Жаңырык"

Wikiquote дан

Жигитов Салижан. Жаңырык (Тандалмалар). Бишкек, 2006.

Жаштыктын атынан

... Мени да ороп көнүл коштук белгилер,
Бүт баарына караймынбы кайдыгер?
О жок, дүйнө, ак пейилимден суранам:
Андан көрө оору бер же кайгы бер!
1954

Кыз мээрими

... Дуушар келип жөө жүрүү да, төө минүү,
Алтын башка мүшкүл түшөр кээ күнү -
Дал ошондо алга сүрөп шык берер
Жанда болсун жалгыз кыздын мээрими!
1955

Чакырык

... Жолго түшүп эмгиче эч ким баспаган,
Бакыт издеп узак сапар аттанам.
Балким, биздин бактыбыз бир жердедир...
Анда эмесе,
кана кеттик
бирге жүр!...
1957

Жайкы түндө

... А мен болсо сагынычтан саргайып,
Коңур түнгө муңумду айтам кыңылдап...
1957, Көлдүк кыштагы

Жооп берчи

Кыйналганда кабак-кашым дебеген,
Кысталганда курлай кайгы жебеген,
Тагдыр айдап жолукканча сен мага
Тамашакөй, бейгам жургөн бала элем.
...
Сенсиз мага бу дүйнөнун көрку жок,
Сенсиз өзүм бир туткунмун эрки жок...
1958

Сага

... Кантмек элем? Тагдырыма баш ийем,
Жүрөктөгү жанган отту өчүрөм.
Сенден улук бир асылды тапсам да,
Өмүр бою өкүнөрүн өкүнөм!...
1958

Хади Такташ темасына

Эркин вариация
... Кыш келатат! Мен жаныман түңүлөм!
Ай, силерге кыйын болор мен өлсөм!

... Кыштан өлөм! Мен өлгөн соң силерге
Жашоо болор көнүлсүз да кунарсыз.

... Кыштан өлөм! Ушу менин өлгөнүм
Мөгдүрөтүп кетер бекен силерди?

... Байкуштар ай! Силер үчүн, мен өлсөм,
Бу дүйнөнүн калат кандай кызыгы?!

"Портреттер" цыклынан

1. Булбул, Дзержинский жана тоту куш.
... Кышта булбул кайдан болсун?
Бул оратор - тоту куш!..

2. Бир досум бар...
... Пайда көрсө бирөөдөн эки кучак
бир күн өтпөй баарын тең, бүт унутат.
Бирок өзү бир чымчым жакшылыгын
унута албай кыйналат, ичи бышат.