Тенти Орокчиев "Бала кирди түшүмө"

Wikiquote дан

Тенти Орокчиев. Бала кирди түшүмө. Ырлар. Бишкек, 2009.

Эй кыргыз, бүгүн
Эмес, эртенди эсте?!

Эй кыргыз, түшун,
Тилиңдин таза
Болушун корго,
Комузду толго.
Жериңди бербе,
Элиңди бөлбө.

Тилди да жерди,
Эми биз байлыкты баптап
Алтынды сактап.
Эмдиги максат,
Колго ал кенди!!!
26.10.2007

Жакшы адам көңүлүнө гүл тигип,
Жан жыргатат, бирге басып, бир жүрүп.
Сен аларга аралашсаң бир апта,
Ал күндөрүң чындыгында той го бүт!

Алар неге жылдар өтүп азаят,
Мынча неге бүгүн келбей кечигет?
8.03.2007

...Адам эмес таштың да, дартың туйган.
21.11.2007

Алыбызды карасак,
Акчабызды санасак.
Курсак тойчу нан келбей,
Куу турмуш колдон талашат.

...Баарыдан тозок кекиртек,
Кыйла жерге секиртет.
Үч сом наның алты сом.
Ушу чындык калп бекен?
Арадан өтпөй дагы үч күн.
Алты сомуң тогуз сом,
Деги ушундай бар бекен?
Кээ бир үйдө беш бала,
Дал ошолор кантти экен?
7.10.2007

... Нан табам деп ушул жерде жүрүшкөн.
Балалыктын балдай таттуу ай, күнүн,
Оюнда эмес, дал базарда сүрүшкөн...

Базар, базар бир өзөңгө батпаган,
... "Базары жакын байыбас" — деген кыргыздын,
Көлүн, төрүн, тоо-түздөрүн каптаган.
20.12.2007

Нан
Уктап жатсам эмнегедир колдо нан,
Таңга чукул аны көрдүм түшүмдө...
— Оо нан ыйык таалайыма табылган...
1.04.2007

Алма кирди түшүмө,
Жолумду ачар ишиме...
17.09.2008

Бала кирди түшүмө,
Төрттөбү же бештеби.
Агам жоруйт бу түштү,
— Иш кошулат ишиңе,
Күч кошулат күчүнө,
Толук кылып бөксөңү.

Ааламдащтарга алты сап сөз
Ааламдашуу кайдан чыктың жок эле ...

...Жулуп алды компьютериң калемди.
Коё тургун, жол бошот, — деп күүлөнөт,
Төртбурч айнек ээлеп — далай өнөрдү.

Ааламдашуу жеңе берип жер жүзун,
Билбей келем түбү канча пайданын??
8.12.2007

Цемент завод... кимдин ыры да, кимдин ыйы
Оо адамдар, тоо жутса да тойбогон...

...Өзүн сатпай, өзгөнү да сатпаса.
5.04.2007

Таза гана таза бакыт таба алат,
Балчыкты да, таза турат тазалап.
24.03.2007

Улууну улуу баалайт...
23.07.2008

Соо учурда тоолор да шаң, талаа шаң,
Ден соолуктай байлык болбос санасаң...
11.09.2007

...Бир чындыктан тайыгыс,
Жылга алмашкыс күндор бар.